Бишкек.18.05.2019.Govori.TV.
19-25-майларда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалыматты ӨКМдин Басма сөз кызматы таратты.
19-майда жана 20-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 19-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
20-майда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
21-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
22-майда түнкүсүн Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 22-майда эртең менен, күндүз жана 23-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
23-майда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
24-25-майларда Кыргыз Республикасынын аймагында
күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу
24-25-майларда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы жогорулайт.