• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Жапаров: Жакынкы арада улуттук валютабыз катуу басымга кабылышы ыктымал

28 Бирдин айы 2022 16:04 Бишкек Govori.TV

Жакын арада улуттук валюта катуу басымга кабылышы ыктымал. Бул тууралуу президент Садыр Жарапов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып, анда валюта рыногундагы жагдайга токтолгон.

«Акыркы күндөрдө эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп кетти. Баарыңыздарга маалым болгондой, күйүүчү майга карата баанын бир топ жогорулоосунан улам, өлкөбүз чоң кыйынчылыктарды башынан кечирүүдө. Ун жана башка дан азыктарынын баалары өтө кымбаттады. Мунун баары республикабызда коронавирус пандемиясынан улам, экономикабыз калыбына келе элек маалда болуп жатат.

Жакынкы арада улуттук валютабыз катуу басымга кабылышы ыктымал. Эл аралык кырдаал чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибизге да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Министрлер Кабинети тарабынан каатчылыкка каршы иш-чаралар планы иштелип чыккан. Бардык министрликтерибиз тарабынан жарандарыбызга сырткы таасирлерди жумшартуу үчүн атайын чаралар көрүлөт. Азыр биздин биринчи приоритетибиз экономикалык потенциалыбызды мүмкүн болушунча сактап калуу болууда. Биз жалпы журтубуз менен бул сыноодон татыктуу өтүү үчүн колдон келгендин баарын жасоого аракеттенебиз», — деп жазат Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Украинадагы окуялардын фонунда АКШ валютасына суроо-талап күчөгөн. Кыргызстанда доллардын курсу кескин көтөрүлүп 95 сомго чейин жеткен. Ал эми Улуттук банк интервенция жасап, 13 миллион доллардан ашык саткан.

Количество просмотров: 121