• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты (Видео)

8 Аяк оона 202021:11 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Төмөнкү Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдөгү  батирлердин биринен өрт чыкты. Өрт чыккан жерден тартылган видео «Короче» Telegram-каналына жүктөлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Тыналиев көчөсүндө жайгашкан №92 көп кабаттуу турак үйүнүн 6-кабатында батир күйүп жатат. Өрттү өчүрүүгө саат 19:46да бир бригада, саат 19:50дө кошумча автошаты тартылган.

Министрлик кошумча маалымат бериле турганын кабарлады.

Теги:
Количество просмотров: 144