• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Жал кичи районунда «Муун» гүл бакчасы ачылды

1 Аяк оона 202414:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкектеги Жал кичи районунда «Муун» гүл бакчасы ачылды.

Анын ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, демөөрчү болгон курулуш компаниялардын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Жаңы курулган гүл бакчада балдар аянтчасы, воркуат зонасы, чуркоо тилкеси бар. Ошондой эле эс алуучу аймак жашылдандырылып, жарыктандырылды. Мындан тышкары, гүл бакчага чүкө ойноп жаткан калпакчан баланын турпатын чагылдырган стелла орнотулду.

Белгилей кетсек, гүл бакча Жал кичи районундагы мурдагы «BATUMI» жана “Шашлычная №1″ кафелеринин ордуна салынды.

Июнь айында башталган курулуш иштерин үч компания биргелешип жүргүздү. Алар келечек муунга белек жана курулуш тармагына салым кошуу максатында демөөрчү болушканын белгилешти.
Иш-чарада Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаар тургундары үчүн бардык шарттары бар эс алуу зоналарын куруу улантыларын айтты.

«Сиздер маалым болгондой, Бишкек шаарына жаңы айыл аймактар кошулду. Биз борбор калаабызды өнүктүрүү үчүн ишке ашыра турган пландарыбыз бар. Аларды 2-3 жылдын ичинде толук аткарабыз деп ойлойм. Бардыгыңыздарды Эгемендүүлүк күнү жана бүгүнкү Билим күнү менен куттуктайм», — деди ал.

Количество просмотров: 85