• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жал кичирайонундагы “Шашлычная” кафеси демонтаждалат

31 Теке 202314:18 Бишкек Govori.TV

Жал кичирайонунда Ахунбаев жана Тыналиев көчөсүнүн кесилишндеги “Шашлычная” кафеси демонтаждалат. Муниципалитеттен билдиришкендей, бузуу иштерине шаардын вице-мэри Нурдан Орунтаев катышат.

Белгилей кетсек, мурдараак, жогоруда аталган кафеге жанаша жайгашкан жалпы аянты 1300 чарчы метрди түзгөн “Батуми” кафеси буздурулган. Андан соң, УКМК тарабынан вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына КР Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 3-бөлүгүнүн («Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү») жана 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 121