• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жалал-Абад ОИИБдин ЖККК бөлүмүнө жаңы жетекчи барды

2 Баш оона 201917:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.08.2019.Govori.TV.

Жалал-Абад ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Досов Авазбек Макамбаевич Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Барпы айылында 1971-жылы туулган.

Билими

-1994-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;

— 2007-жылы ИИМдин Академиясында юридикалык билим алган

Эмгек жолу

— 2015-жылдын 19-июнунан 2016-жылдын 30-июнуна чейин Жалал-Абад ОИИБдин Жол кайгуул кызматынын башчысынын орун басары;

— 2016-жылдын 30-июнунан 2017-жылдын 6-апрелине чейин Жалал-Абад ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн батальонунун командири;

— 2017-жылдын 6-апрелинен 2018-жылдын 30-мартына чейин Жалал-Абад ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы;

— 2018-жылдын 30-мартынан 2018-жылдын 16-июлуна чейин Жалал-Абад ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн башчысы;

— 2018-жылдын 16-июлунан 2018-жылдын 14-октябрына чейин ИИМдин ЖКККББнын кадрлар бөлүмүндө;

— 2018-жылдын 14-октябрынан 2019-жылдын 24-майына чейин Жалал-Абад ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн нөөмөтчүсү;

— 2019-жылдын 24-майынан 2019-жылдын 31-июлуна чейин Жалал-Абад ОИИБдин Кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасында кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору;

— 2019-жылдын 31-июлунан тарта Жалал-Абад ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн башчысы.

Кошумчалай кетсек, Авазбек Досов 1995-жылдан бери ички иштер органдарында иштеп келет.



Количество просмотров: 186