• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мамлекеттик тил күнүнө карата милиция кызматкерлери ыр айтышты (видео)

22 Аяк оона 2021 17:40 Бишкек Govori.TV

23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Бул датага байланыштуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында тегерек столдор өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Жалал-Абад ОИИБдин Уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн улук инспектору милициянын капитаны Акылбек Каратаев тарабынан иш кагаздардын жүрүшүндө кезиккен татаал терминдер, кыскартылган сөздөргө улануучу мүчөлөр боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле кызматкерлер кызыктырган суроолорун ортого салышып, кыргыз тилинде тереӊ талкуулар болуп өттү.

«Мындан сырткары милиция кызматкерлери тарабынан кыргыз тилине арналган ыр саптары айтылып, видеоролик даярдалды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 296