• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Жалал-Абад: Сел суусу унааны агызып кетти

23 Бугу 202214:54 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда сел суусу “Honda Stepwgn” унаасын агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 22-май күнү тынымсыз жааган жаандын кесепетинен Таш-Көмүр-Майлуу-Суу унаа жолунун 5-чакырымында Балапан-Сай сел өтүүчү сайында “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү жеңил унаа сууга агып көпүрөгө кептелип калган.

Жерине 11 куткаруучу тартылып, жекке менчик «МТЗ 80» трактордун жардамы менен унааны чыгарышкан. Жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 128