• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Жалал-Абад шаарындагы сел каналы тазаланды

1 Баш оона 202410:55 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндөгү сел каналдын 1 чакырым аралыгы таштандылардан жана ылайдан тазаланды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Белгиленгендей, каналдардагы таштандылар шаар көркүн гана бузбастан, жаан-чачында көпүрөлөрдүн астына топтолуп, шаарды сел каптоо коркунучу жаралат.

Мындан улам жергиликтүү бийлик шаар тургундарын жана конокторун айлана-чөйрөнү таза сактоого, арыктарга жана каналдарга таштанды таштабоого чакырат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясынын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан сел каналдар жыл сайын жазында тазалоодон өткөрүлөт.

Количество просмотров: 111