• Жекшемби 21 Кулжа 2026
  • Воскресенье 21 Июнь 2026

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри алмашты

12 Теке 202210:30 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп Нурбек Сатаров дайындалды. Бул туралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-июлда шаар мэри Эрнисбек Ормоков Нурбек Сатаровду эмгек жамаатка тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.

Нурбек Сатаров эмгек жолун Нарын облустук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис катары иштөөдөн баштаган. Ал эми 2020-жылы Ат-Башы районунун акими, 2021-жылдан ушул мезгилге чейин Ала-Бука районунун акими кызматын аркалап келген.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Азамат Раматиллаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 2181