Жалал-Абад шарында 18-мартта катуу жааган жамгырдан Көк-Арт дарыясынын деңээли көтөрүлүп, Живпром участкасында жайгашкан №10 дамбанын сол жээгин жеп кеткен. Натыйжада 569 үйгө жана 11 мекеме-ишканага кооптуу абал жаралган.
Ага байланыштуу мэр Эрнисбек Ормоков шаарга 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча буйрук чыгарды.
Буйрукка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча нөөмөттөр уюштурулуп, менчигинин түрүнө карабай инженердик техникалар даярдалат.