Жалал-Абад облусунда 100 орунга ылайыкталган оорукананын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков 6-августтагы брифингде билдирди.
Ызабековдун айтымында, учурда, курулушту каржылоо маселеси чечилди.
«Каржылоо маселеси чечилип, Түштүк аймактык жүрөк-кан-тамыр хирургиясынын изилдөө борборунун имаратында капиталдык ремонт өткөрүлүп жатат”, — деди Ырысбек Ызабеков.