Бишкекте 49 жаштагы эркек киши көп кабаттуу имараттан кулап кетип, каза болду.
Маалыматка ылайык, кечээ, 10-июнда Бишкек шаарынын башкы милиция бөлүмүнүн 102 кызматына Көк-Жар айылында бийиктиктен эркек киши кулап түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун өздүгү аныкталган, ал 1977-жылы туулган К.У. болгон. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, К.У. алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Учурда кырсыктын жагдайлары такталууда.