• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда 870тен ашык батир ипотекага берилет

29 Чын куран 202512:35 Бишкек Govori.TV

Жакынкы аралыкта Жалал-Абад облусунда 870тен ашык батирди жарандарга берүү пландалып жатат.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев МИКтин жетекчилигине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берип, кезекте турган жарандардын көптүгүн эске алуу менен МИКке кезекте тургандар менен түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүнү, арыз берүү тартиби, тизмелердин түзүлүшү жана батир бөлүштүрүү эрежелери боюнча толук маалымат берүүнү тапшырды.

Ошондой эле МИКке Tunduk тиркемеси аркылуу арыздарды берүү мүмкүнчүлүгүн эң кыска мөөнөттө ишке киргизүү зарылдыгы айтылды. Каныбек Туманбаев бардык процесстер жарандар үчүн ачык-айкын, түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушу керек экенин өзгөчө белгиледи.

Количество просмотров: 238