• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Жалал-Абадда адам уурдоого шектелип УКТ мүчөсү кармалды

6 Жетинин айы 2021 9:28 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда адам уурдоого шектелип уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Анын баш коргоо чарасы бүгүн Жалал-Абад шаардык сотунда каралат.Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында болгон. Тактап айтканда, 2021-жылдын 20-сентябрь күнү саат 02:15 чамасында Жалал-Абад ОИИБдин Нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун 60 жаштагы тургуну С.М. өзүнүн телефону аркылуу чалып, анда 2021-жылдын 20-сентябрь күнү саат 02:00 чамасында жогорудагы өзү жашаган үйүнөн, баласы 1983-ж.т. С.Д.ны белгисиз адамдар жашыл түстөгү мерседес үлгүсүндөгү автоунаасына күч колдонуп салып, уурдап кетишкендигин кабарлаган.    

Аталган факты боюнча материал ОИИБдин КЖБРне катталаып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 170-беренесинин (Киши уурдоо)  негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 

Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсү тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары КРнын  ИИМде  уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, мурда бир нече жолу  кылмыш жоопкерчилигине тартылган, Жалал-абад облусунун Сузак районунун тургуну, 1995-ж.т. М.Б.М. кармалган.

Өндүрүш иштин алкагында КРнын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде 48 саатка кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

                                                     

Количество просмотров: 1116