Жалал-Абад шаарында арзан баада ун жана өсүмдүк майы сатылууда.
Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, 1-сорттогу бир мүшөк (50 кг) ундун баасы 1300 сомдон, 2-сорттогу ун 900 сомдон, ал эми 5 литр өсүмдүк майы 580 сомдон сатылууда.
Белгиленгендей, каалоочулар ун жана майды Мамыр Баатыр жана Б.Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Марьям» ун заводунан ала алат.