• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жалал-Абадда баңгизат сатууга шектүүлөр кармалды

14 Жалган куран 2022 16:33 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда ири өлчөмдө баңгизат сатууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-февраль күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында атайын ыкчам-иликтөө иш-чарасы жүргүзүлүп, Д.М. аттуу жарандан таза салмагы 1,142 гр «гашиш» алынган. Ошондой эле 2022-жылдын 16-февралында жогоруда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында атайын ыкчам-иликтөө иш-чарасы жүргүзүлуп, М.Д. аттуу жарандан таза салмагы 99,69 гр «гашиш» алынган.

Бул факты 2022-жылдын 21-февралында Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

«2022-жылдын 21-февраль күнү БМЖКККнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жана Жалал-Абад ИИБнын атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Д.М. жана А.Т. аттуу жарандар баңгизаттарын сатып жаткан учурда кармалышып, текшерген учурда целлофан пакетине салынган эки даана скотч менен тангакталган заттар, биринчи таңгактын ичинен таза салмагы 842,2 гр «апийим» баңгизаты, экинчисинен таза салмагы 708,2 гр «гашиш» далил буюм катары алынган. Ошол эле күнү Д.М. аттуу жарандын жашаган дарегинде шашылыш тинтүү жүргүзүлүп, сарайдын текчесинде түссүз скотч менен оролгон тангак табылып, ичинен таза салмагы 98,2 гр «апийим» баңги заты алынган. Далил буюм катары алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 1 кг 751,508 граммды түзгөн, анын ичинен «апийим» — 942,188 грамм, «гашиш» — 809,32 грамм»Ю-деп айтылат маалыматта.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 135