• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жалал-Абадда бала бакчаларга видео көзөмөл орнотулат

17 Бугу 201915:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.05.2019.Govori.TV.

Жалал-Абад шаарында балдардын коопсуздугу видео камералар аркылуу көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу шаардын мэриясынан билдиришкен.

Эске салсак, былтыр мектепке чейинки билим берүү мекемелердин биринде бакчадагы балдарга тарбиячылар тараптан кол көтөрүү катталгандыктан, шаардык депутаттар менен мэрия видео камера орнотуу демилгесин көтөрүшкөн. Надыйжада демилге ишке ашып, быйыл байкоочу камералар ишке толугу менен киргизилген.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарынын бала бакчаларында 4 миң 950 бала тарбияланат.


Количество просмотров: 22