Ош шаарынын мэри 15-мартта Жалал-Абадда болгон кырсык боюнча расмий жоопту өзүнүн facebook баракчасына жазды.
Социалдык тармактарда байма-бай тарап жаткан маалыматта анын аты аталып, кырсыкка мэрдин баласы тиешелүү болушу мүмкүн деген айыптарга жооп берди.
«BMW» үлгүсүндөгү В5500ВА номурлуу унаанын айдоочусу менин балам Баястан Токторбаев болгон эмес жана унаа Нурислам аттуу баланын атына катталган. Бирок кырсыкка кабылган бала менин бир тууган инимдин баласы 2000-жылы туулган Ш.З болуп чыкты. Учурда тиешелүү органдар тарабынан кармалып 15-майга чейин (эки айга) убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул боюнча атайын органдар тарабынан коомчулукка ошондо эле расмий маалыматтар берилген. Ошондой эле мыйзам баарыбызга бирдей жана жооп берүүгө түздөн-түз милдеттүүбүз», — дейт мэр.

Эскерте кетсек, 15-март күнү Жалал-Абад ОИИБге 1995-жылы туулган Т.уулу У. кайрылган. Ал ошол күнү саат 21:30 чамасында Р.Азимов көчөсүндө, 1999-жылы туулган жубайы М.кызы И., эки баласы – 2022-жылы туулган уулу жана 2020-жылы туулган кызы менен тротуар менен бара жаткандыгын айткан. Ошол маалда аларды BMW үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен төрт жашар кыз каза болуп, эки жашар бала оор жаракат алып реанимацияга түшкөн. Кырсык болгон жерден айдоочу унаасын таштап качып кеткен.
Расмий маалымат боюнча, унааны Сузак районунун 25 жаштагы тургуну башкарып бара жаткан. Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин “Жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.