Жалал-Абадда дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Шамалды-Сай шаарчасынын Кыргызстан көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
«Өрттү өчүрүүгө саат 06:52де Таш-Көмүр шаардык №56 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 07:00дө чектөөгө алынып, 07:50дө толук өчүрүлгөн», — деп айтылат маалыматта.