• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жалал-Абадда дарыяга түшүп кеткен кыздын сөөгү табылды

10 Жетинин айы 2021 9:07 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда дарыяга түшүп кеткен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-ноябрь күнү саат 17:41де «102» кызматына Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы Нарын дарыясына Табылгыты айылынын жашоочусу 2007-жылы туулган Б.к.Д. аттуу кыз сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулуп, бүгүн ,9-ноябрь күнү улантылды.

Издөө иштерин Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБнөн 16 куткаруучу, РИИБден 15 кызматкер, Сары-Булуң айыл аймагынан 36 (6 адам ат менен) адам, туугандарынан 2 адам, жалпы 69 адам саат 08:28де жерине жетишип, Коён-Токой тилкесинен Дүкүр тилкесине чейинки аралыкта Нарын дарыясынын эки жак жээгинде 2 топко бөлүнүшүп, издөө иштерин жүргүзүштү.

Кечки саат 10:45те Б.к.Д.нын жансыз денеси Сары-Булуң айыл аймагында Нарын дарыясынан куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 180