• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Жалал-Абадда Эгемендүүлүк майрамы салтанаттуу белгиленди

31 Баш оона 202413:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-август – Кыргызстандын эгемендүүлүлүгүнүн 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Саамалыкка президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, жергиликтүү бийлик жетекчилери, аксакалдар, мекеме-ишканалардын жамааты, калаа тургундары жана меймандары катышты.

Иш-чарада облус башчысынын орун басары жалпы катышуучуларды Эгемендүүлүк майрамы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктады. Ал ошондой эле мамлекеттик башкаруу саясатындагы жигердүү өзгөрүүлөр, облуста аткарылып жаткан иш-аракеттер жана алдыдагы пландар боюнча маалымат берип өттү.

Борбордук аянттагы саамалык театрлаштырылган көрүнүш, концерттик программа менен коштолду.

Количество просмотров: 84