• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жалал-Абадда эки жаштагы сабалган наристе чарчап калды

21 Бугу 20199:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.05.2019.Govori.TV.

Мындан 2 жума мурун оор абалда, денеси көгала болуп, ооруканага түшкөн 2 жаштагы наристе чарчап калды.

Маалыматка ылайык, кыздын ата-энеси ажырашып кеткендиктен, апасы кызын өгөй энесине калтырып Орусияга иштегени кеткен. Бирок, катталган окуя боюнча 2 жаштагы кыздын туугандары бала кулап кетти деген шылтоону айтышкан.

Эскерте кетсек, 7-май күнү кечинде “Тез жардам” кызматы Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынан эки жашар кызды оор абалда облустук клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алып келген. Наристе 12 күндөн бери эсине келбей, ооруканада каза болду.


Количество просмотров: 20