• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жалал-Абадда иске ууланган үч баланын сөөгү табылды

14 Жетинин айы 2021 16:46 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда иске ууланган үч баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 13нөн 14-ноябрга караган түнү Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңгир айылында болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, балдардын энесинин абалы өтө оор деп айтылууда.

Иске ууланып көз жумган балдардын улуусу 6 жашта, эгиздер төрт жашта болгон.

Количество просмотров: 68