• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

24 Бугу 202110:15 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянып ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөө кечээ, 23-майда саат 20:30да катталып, Сузак районунун, Кызыл-Үңкүр айылында 3,5 балл, Каду, Орток айылдарында 3 балл жана Базар-Коргон районунун Жазы-Кечүү айылында 4 балл, Көсө-Терек айылында 3,5 балл, Көк-Алма айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 138