• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Жалал-Абадда калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү акциясы башталат

15 Теке 202216:33 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон райондорунун жашоочулары үчүн «Акысыз укуктук жардам» акциясы өтөт. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, акция 18-июлдан 12-августка чейин өтөт. Иш-чаранын максаты жарандарга ар кандай укуктук жана социалдык маселелер боюнча консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү болуп саналат.

«Акцияга юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун адвокаттары, калкты тейлөө борборлорунун, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, мамлекеттик салык кызматынын, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, социалдык фондунун жооптуу кызматкерлери катышат», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 137