• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда кар көчкү түшүп, үч жаран дайынсыз болууда

14 Бирдин айы 202219:41 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда кар көчкү түшүп, үч жаран дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-февралда саат 12:30 чамасында Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн.

Кар көчкү “Чайна Роуд” ишканасына тиешелүү жүктөгүч, 2 экскаватор жана Нива унаасын басып калып, 3 киши дайынсыз болууда.

Жерине ӨКМден 20 куткаруучу, “Чайна Роуд” ишканасынан 4 жүктөгүч, 30 кызматкер тартылып, издөө жана кар көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 978