• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жалал-Абадда Курманбек Бакиевдин аты көчөгө коюлду

9 Жетинин айы 2019 14:56 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин аты берилди. Мындай маалымат социалдык түйүндөрдө жарык көрдү.

Рахманжан айылынын башчысы Жакшылык Эгембердиев «Азаттыкка» айылдагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылганын ырастап, буларды айткан.

Ат коюлганына үч-төрт күн болду. Айылдык кеңештин жыйынында мен жок болчумун. Бирок атты койгонго болбойт деп айткам, — деп билдирген Эгембердиев.

Мындан сырткары, айыл башчы ал көчөгө Бакиевдин атын коюну жергиликтүү эл сунуштаганын, социалдык тармактарга тараган такталар көчөгө коюлганын айтып, бирок көчөгө мурдагы президенттин ысымын ыйгаруу боюнча айылдык кеңештин чечими менен тааныша электигин кошумчалаган.

Количество просмотров: 156