• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда мамлекеттик кызматкерлер кызматынан кыянаттык менен пайдаланышкан

11 Тогуздун айы 20249:24 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаардык прокуратурасы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад филиалынын, Жалал-Абад регионалдык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганын аныкташты. Алар Спутник кичи шаарчасынын Манас көчөсүнүн түштүк тарабында жайгашкан “Сел-Арык” магистралдык каналынын жээгинен жарандарга коммерциялык багыттагы 26 жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке беришип, бүгүнкү күндө ал жерлерге капиталдык курулуштарды жүргүзүүгө жана коммуналдык кызматтарды туташтырууга уруксат беришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымат берди.

Эске салсак, Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2003-жылдагы токтомуна ылайык, шаардык сел каналдарынын ичиндеги суу коргоочу зоналары 30 метрден белгиленип, бул аймакка ар кандай капиталдык курулуштарды курууга тыюу салынган.

Аталган суу коргоо зонасынын аймагында курулуштардын мыйзамсыз курулушу, турак-жайларды суу каптоо коркунучуна алып келип, өзгөчө кырдаалды жаратат.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан аталган мекемелердин кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Жалал-Абад шаардык ИИБнө жиберилди.

Количество просмотров: 182