• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жалал-Абадда мунай базадагы өрттү өчүргөн өрт өчүрүүчүлөр сыйланды

21 Бугу 201916:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.05.2019.Govori.TV.

Жалал-Абад шаарында «КУА ЖНПЗ» (кыргыз-өзбек-азербайжан) жоопкерчилиги чектелген коомуна караштуу мунайды кайра иштетүүчү заводдо чыккан өрттү өчүрүүгө салым кошкон өрт өчүрүүчүлөр сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Сыйлоо аземи 21-майда өткөрүлүп, анда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев заводдо чыккан өрттү өчүрүүдө өрт өчүрүүчүлөрдүн салымы зор болгондугун баса белгиледи.

«Ошол күнү силер өмүрүңөрдү тобокелге салып иштедиңер. Силердин аракетиңер менен заводдун калган резервуарлары сакталып, элге зыяны тийген жок», — деди ал.

Куткаруучуларга өкүлчүлүктүн ардак грамоталары жана ыраазчылык каттары тапшырылды.

Буга чейин мунай базасында чыккан өрттөн улам жалпысынан болжол менен 650 тонна дизелдик отун, 70 тонна бензин күйгөндүгү маалымдалган.

Булак: turmush.kg


Количество просмотров: 24