• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жалал-Абадда нефть куюучу жай өрттөндү

7 Кулжа 202410:33 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда нефть куюучу жайдан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айыл аймагынын Катыраңкы тилкесинде «Кыргызнефтегаз» ААКнын нефть куюучу цистернасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 15:52де түшкөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылып, саат 16:30да чектөөгө алынган. Өрт саат 16:35те толугу менен өчүрүлгөн.

Азыркы тапта өрттүн чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

Теги:
Количество просмотров: 213