Жалал-Абадда окуучу кыз мектептин 2-кабатынан секирип кеткен. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-октябрь күнү Жалал-Абад ШИИБге 1991-жылы туулган аял киши арыз менен кайрылып, 11 жаштагы кызынын телефонун мугалим алып койгондуктан мектептин 2-кабатынан секиргенин билдирген.
«Окуучу кыздын сол буту сынып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган»,-деп жазылат маалыматта.
Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.