• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкектеги мектептердин биринде окуучу кыз өз жанын кыюуга аракет жасады

11 Бирдин айы 202212:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы №61 физика-математикалык мектеп-лицейинде окуучулардын бири өз жанын кыюуга аракет кылды. Маалыматты Govori.TVга мэриянын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, окуя 10-февраль күнү болгон. Мугалимдер окуучуга өз учурунда жардам көрсөтүп, кызды аман-эсен алып калышкан.

«Мектепке окуучунун ата-энеси, ошондой эле ыкчам иликтөө тобу чакырылды. Бүгүнкү күндө кызга психологиялык жардам көрсөтүлуп жатат», — деп билдиришти мэриядан.

Количество просмотров: 402