Жалал-Абадда окуучусу сабалган мектептин директору жумуштан алынды.
Билим берүү жана илим министрлиги окуя 6-февралда Аксы районундагы №5 орто мектептин аймагында катталганын тастыктап, окуядан кийин мектептин социалдык педагогу жумуштан алынганын кошумчалады.
«Аталаган мекетептин директору Кененбай Шабданов өзүнүн иш милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле жасап, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматынын бошотулду»,-деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, окуя боюнча жабырлануучунун апасы О.З. арыз менен Аксы РИИБне кайрылган. Топтолгон материалдар Аксы РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.