• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда оорукананы оңдоо иштери 80%га аяктады

25 Баш оона 202010:14 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарындагы 60 орундуу Медициналык тейлөө борборунун капиталдык оңдоо иштери 80%га аяктады. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө демонтаждоо жана жасалгалоо жумуштары 100%га, 2-3 -кабаттагы терезелерди орнотуу иштери аяктады. Ошондой эле электр монтаж иштери — 80%, сантехника иштери — 70% жана полдоруна линолеум төшөө иштери — 55% аткарылган.

Объектиде 16 жумушчу иш алып барууда.

Белгилей кетсек, подрядчы уюмдун эсебине 2 млн сом которулган, анын ичинен республикалык бюджеттен 5 млн сом, ал эми Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан 1,5 млн сом.

Количество просмотров: 97