Бишкек. 24.12.2018. Govori.TV
Кечээ, 23-декабрда Жалал-Абадда шаардан чыгып бараткан унаа арканы сүзүп алды. Күбөлөр айдоочу телефонго алаксып кеткенин айтууда.
Соцтармакка жарыяланган видеодон кырсык жүз берген учурда жакын жерде үлпөт сейилине чыккан жаштар жүргөнүн көрүүгө болот.
Аварияга учураган унаада айдоочу жана бир жүргүнчү болгон. Алар ооруканага жеткирилген.
Тиешелүү органдар бул боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.