Бишкек. 8.03. 2018. Govori.TV
Бишкектин Касым Тыныстанов жана Чүй проспектилеринин кесилишинде ири унаа кырсыгы катталган. Бул тууралуу тасмалар социалдык түйүндөрдө тарады.
Анда белгилүү болгондой, Audi жана Daewoo Nexia унааларын башкаргандар көчөнүн кесилишинде жол эрежесин бузуудан улам тикелей сүзүшүшкөн. Кечээ түндө болгон бул окуядан унаа айдоочулар менен кошо ичиндеги жүргүнчүлөр да жабыркашкан. бактыга жараша, тез жардам кызматы ушул кырсыктын жанында жайгашкандыктан, жаракат алгандарга дароо медициналык жардам көрсөтүлгөн.