• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда сууга чөгүп кеткен жигиттин жансыз денеси табылды

14 Кулжа 202115:44 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда сууга чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маркумдун жансыз денеси бүгүн, 14-июнда табылган.

«Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагындагы Базар-Коргон суу сактагычына чөгүп кеткен 1998-жылы туулган О.А аттуу жарандын жансыз денеси Таш-Көмүр шаардык ИКОнын суучулдары тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 330