• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

18 Баш оона 2023 9:39 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 17-август күнү саат 19:54дө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

«Жер титирөө Сузак районунун Октябрь, Жерге-Тал айылдарында — 4,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Кара-Чолок айылында — 4 балл, Жалал-Абад шаарында — 3,5 баллга чейин сезилген»,-деп жазылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 125