Жалал-Абадда автоунаа урдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-ноябрь күнү милицияга 1977-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну С.К арыз менен кайрылган.
Анын айтымында, 1-ноябрда саат 14:30 чамасында ага сырттан тааныш болгон Ибрагим аттуу бала менен спирт ичимдигин чогуу ичип олтуруп, ижарада айдап жүргөн “Деу-Шевролет” үлгүсүндөгү автоунаасынын ачкычын мас абалда алып белгисиз тарапка айдап качып кеткен. Ал чара көрүүнү суранган.
Козголгон кылмыш ишине негизинде, 2024-жылдын 4-ноябрь күнү Базар-Коргон районунун 1985-жылы туулган И.Н аттуу тургуну шектүү катары кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иш аракеттеринин жүрүшүндө И.Н аттуу жаран өзүнүн жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алган.
Ал эми Жалал-Абад шаардык соту тарабынан ал бир айлык мөөнөткө камакка алынган.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.