• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жалал-Абадда Ташиевге козголгон кылмыш иши токтотулду

15 Жалган куран 202218:07 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши токтотулду.

Белгилүү болгондой, чечим Жалал-Абад шаардык соту тарабынан кабыл алынган.

Эске салсак, Шайырбек Ташиевге КР Кылмыш-жаза кодексинин “Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырыктар” беренеси боюнча айып тагылган.

2013-жылы Камчыбек Ташиевдин тарапташтары Бишкек-Ош унаа жолун буушкан. Уруксат берилбеген нааразычылык акциясынын уюштуруучулары бийликке бир катар талаптарды, анын ичинде Жогорку Кеңештин үч депутаты — Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровду бошотууну талап кылышкан жана ошол учурда бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн кармалышкан. Кийинчерээк Жалал-Абад облустук соту кармалгандарды шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

Количество просмотров: 470