• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда жер силкинди

25 Бугу 202010:29 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 24-майда саат 18:46да Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

«Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылдарында 3 балл жана Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 113