• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда жер титиреди

11 Кулжа 202018:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-июнда Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн Жалал-Абад облусунда саат 14:58де очогунда күчү 3 баллга жетти.

«Жер титирөө Ноокен районунун Көк-Таш, Кара-Булак, Тоскоол, Эски-Маасы айылдарында катталды»,-деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Количество просмотров: 96