• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жалал-Абаддагы кенден чоң көлөмдө сурьма уурдалды

17 Бештин айы 2018 9:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.12.2018.Govori.TV

Жалал-Абад облусундагы жашоочулардын турак жайларын текшерүү учурунда 562 кг сурьма табылды. Андан башка дагы 100 кг сурьманы кендин өзүнөн Чаткалдын тургуну уурдап кетүүгө аракет кылган.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 2018-жылы 4-декабрь күнү Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын 1982-жылы туулган тургуну М.У. кармалган. Ал «Эти Бакыр Терек-Сай» ЖЧК кен казуу иштерин жүргүзгөн жерден 100 кг сурьма уурдаган деп шектелип жатат. Бул факты боюнча Чаткал РИИБ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесиндеги 2-бөлүм (топтошуп алып уурулук жасоо) жана 3-бөлүмдүн 2-пункту (мыйзамсыз кирүү менен уурулук кылуу) менен кылмаш иши козголду.

Ал эми тергөө иштеринин жүрүшүндө райондук сот М.У. жашаган үйдү текшерүүгө санкция берип, анын негизинде короосунан дагы 34 кг сурьма табылган. Мындан тышкары Чаткал райондорундагы Терек-Сай, Кызыл-Токой айылдарында жана Ала-Бука районундагы Достук, Кош-Алмурут айылдарындагы 6 жашоочунун үйү текшерүүгө алынды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы:

— Кош-Алмурут айылында 1986-жылы туулган А.Ж. жашаган үйдөн 7 капка салынган 330 кг сурьма табылды;

— Кызыл-Токой айылында 1983-жылы туулган Б.А. жашаган үйдөн 50 кг сурьма;

— Терек-Сай айылынын 1974-жылы туулган тургуну А.К. (аял киши) жашаган үйдөн 5 капка салынган 148 кг сурьма табылды.

Бул фактылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.
 

Булак: Turmush

Количество просмотров: 4