• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жалал-Абаддан келген 200 бала «Алтын Балалыкка» жөнөтүлдү

14 Теке 2022 13:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-июлда Жалал-Абад облусунан келген 200 бала Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборуна эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков эс алууга жөнөп жаткан балдарды узаты жатып, көңүлдүү эс алуу жана ак жол каалап, ошону менен биргеликте коопсуздук эрежелерин так сакташ керектигин эскертти.

Эске салсак, «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборуна ден соолугунда көйгөйү бар балдар дарыгердин жолдомосу аркылуу, ал эми ден соолукту чыңдоо лагерине калктын аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн балдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу тизмеге киргизилет.

Количество просмотров: 49