• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жалал-Абаддын мэри коронавирус жуктурду

19 Кулжа 2020 13:32 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден коронавирус табылды. Бул маалыматты шаардык мэриянын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, мэрден таажы илдети 17-июнда аныкталган. 18-июнда мэриянын бардык кызматкерлери ПЧР анализ тапшырышкан. Анализдеринин жыйынтыгы чыга элек.

«18-июнда шаардык кеңеште 18 депутаттын катышуусунда жаңы төраганы шайлоо өтүп, ага шаар башчысы катышкан эмес. Мэрияда иш ыргагы токтогон жок жана кандай тартип колдонулары эми белгилүү болот»,- деп айтыат маалыматта.

Белгилей кетсек, 19-июнга карата жалпы коронавирус жуктургандардын саны Кыргызстанда 2789 адамга жетти.

Количество просмотров: 84