Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүүнү сунуштады. Мындай сунуш Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясында мэр Эрнисбек Ормоков тарабынан айтылганын жергиликтүү ЖМКлар жазды.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы башталып, күн тартибине төрт негизги маселе коюлган.
Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү маселесин да күн тартибине сунуш кылган.
Бул арада Жалал-Абад шаардык мэриясы маалымат таратып, шаардын атын Манас шаары деп өзгөртүү сунушталганын билдирди. Кошумчалангандай, сунушту Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары колдоп берген.
🖊