Бишкектеги Жал кичи районунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 400 чарчы метр жери күйдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-сентябрь күнү саат 22:23 чамасында Жал кичи районунун Тыналиев көчөсүндө жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн эң жогорку кабатынан өрт чыккан. Анын кесепетинен жабыркаган жана каза болгон адамдар жок.
«Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин штабы, Биринчи май райондук №4 ӨКБдан 2 бөлүм, Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 бөлүм, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, Ленин райодук №8 АӨКБдан (аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмү) 1 суу ташуучу унаа, Ленин райондук №8 АӨКБдан автошаты, тез жардам кызматынан 1 бригада жана ИИМден 25 кызматкер тартылып, өрт саат 23:52де чектөөгө алынып, саат 00:13тө толук өчүрүлдү»,-деп айтылат маалыматта.
Материалдык чыгым жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.