Кыргызстандагы бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жалданмачылыкка шек саналып кармалган кызматкери Наталья Секерина тууралуу комментарий бергенин жазышты.
Бишкектеги «Орус үйү» айыптоонун маңызы боюнча аларда толук маалымат жок экенин билдирди.
Маалыматта Н.С. Кыргызстандын жараны, филиалдын жергиликтүү кызматкери, 2024-жылдын июль айынан бери «Орус үйүндө» иштеп, Оштогу филиалынын ММКлар менен өз ара аракеттенүүсүнө жооптуу болгону айтылды.
Эске салсак, Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып төрт адам кармалды. Алардын арасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат бөлүмүнүн кызматкери жана жергиликтүү журналист бар. УКМК аларды Бишкекке алып келген, соттун чечими менен эки айга камалышты. Азырынча иштин чоо-жайы тууралуу расмий маалымат бериле элек.