• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жалган маалымат тараткан Интернет-террорист изделүүдө

3 Аяк оона 2021 9:36 Бишкек Govori.TV

2-сентябрда Актөбө шаарындагы алты мектеп “жарылуучу зат коюлганы” тууралуу дагы кабар алган. Мындан соң биринчи нөөмөттөгү сабактар бир жарым саатка кеч башталган. Бул тууралуу Актөбө облустук билим берүү башкармалыгы кабарлады.

Башкармалыктын башчысы Жолдас Батырхандын айтымында, жарылуучу зат тууралуу маалымат Актөбөдөгү №1, №2, №21, №22, №51, №56 мектептин электрондук почтасына таңкы саат жети жарымда түшкөн.

— Жарылуучу зат тууралуу кабар бул жолу да жалган болуп чыкты. Интернет-террорист кармала элек. Ал эртең да кабар жөнөтө турган болсо, окуу жараянын үзгүлтүккө учуратпай, атайын түзүмдөрдүн көрсөтмөлөрүн аткарабыз, — деди Батырхан.

1-сентябрда да аталган мектептердин электрондук почтасына жарылуучу зат коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Натыйжада биринчи коңгуроо салтанаты болбой калган.

Полиция “Терроризм актысы жөнүндө жалган маалымат берүү” беренеси боюнча териштирүү иштерин баштады.

Количество просмотров: 244